Кипиш каймана аты менен таанылган тажикстандык мушкер Мухаммадризвон Кахоров көз караштар таймашында кыргызстандык мушкер Марсель Нурланбек уулуна гүл берип, экөө уруша кетишти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тароодо.
Спортчулар Казакстанда "Alash Pride 113" турниринде жолугушкан. 68 килограммга чейинки салмакта беттешишип, Марсель Нурланбек уулу биринчи раундда атаандашын жеңген.
Видеодо Кипиш кыргызстандык мушкерге "Сенин муштумуңду сезбейм, көзүңдөн коркууну көрүп турам, эртең сени бул жерден жиберем" дегенин угууга болот.
Ага жооп катары Марсель Нурланбек уулу Кипишке аз сүйлөп, иш жүзүндө көрсөтүүсүн сунуштаган.