Биз социалдык тармакта

Оштун Эски-Покровка айылында 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулат 

Оштун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Эски-Покровка айылында 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Курулуш иштери президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылат. Президенттин 3-сентябрдагы №292 тескемесине ылайык, долбоор үчүн керектүү 180 миллион сом каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.
Эске салсак, 23-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйүн угуп, жаңы мектеп курууну колдоого алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан