Оштун Араван районуна караштуу Маңгыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түзөт.
Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы бөлүктөрү оңдолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт өчүрүү системалары жаңыдан коюлду.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулуп, ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.