Биз социалдык тармакта

Парламенттик шайлоого талапкерлердин саны 340тан ашты

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 343кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда 5 талапкер БШКга арыз тапшырды. Алардын тизмеси:

  • Асамудинов Бактыбек Асанович, №27 (Чолпон-Ата шаары), 30.05.1966-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын кызматкери
  • Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна, №12 (Сузак району), 10.03.1981-жылы туулган, Жогорку Кеңештин мыйзамдуулукту камсыздоо, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин бөлүмүндө эксперт
  • Макамбаев Сталбек Абибиллаевич, №7 (Кара-Суу шаары), 10.10.1986-жылы туулган, жеке ишкер
  • Никитенко Наталья Владимировна, №25 (Кант шаары), 26.03.1979-жылы туулган, докторант, көз карандысыз талдоочу
  • Жороева Элнура Сабиржановна, №6 (Ош шаары), 07.12.1973-жылы туулган, мектепте мугалим

Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан