Борбор калаанын Маданият конушунда Талды-Суу көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-октябрдан 10-ноябрга чейин Аскер институтунан №143 үйгө чейинки аралыкта канализациялык коллектордун курулуш иштери жүргүзүлөт.
Курулуш иштери толук аяктагандан кийин жолдун асфальт жабуусу калыбына келтирилет.