Бишкекте мушташ чыгарган делип 18 жана 19 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-октябрга карган түнү саат 00:50 чамасында борбор калаадагы соода борборлорунун биринин жанында болгон. Анда топ балдардын арасында мушташ чыккан.
Райондук милиция 2 жигитти мушташтын активдүү катышуучулары катары кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле райондук милиция жаңжалдын башка катышуучуларына мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын кошумчалап, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.