Эртең, 21-октябрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17 ... +22, Талас жергесинде +16... +21, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +19... +24, Ысык-Көлдө +13 ... +18, Нарында +15... +20 градус болот. Бишкек шаарында күндүн табы +19... +21 градуска жетет.