Белгилүү актёр, сценарист Бектур Усенов менен жубайы – блогер, актриса Айзат Аскарбекова жаңы ак өргөөсүн көрсөтүштү. Алар мындай видеону социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн.
"Көптөн бери күтүп жүргөн батирибизге рум-тур. Cилерге дагы жуксун", - деп билдирүү калтырган алар.
Видеодон көргөндөй, түгөйлөрдүн ак өргөөсү үч бөлмөдөн жана ашканадан турат.
Белгилей кетсек, жубайлар учурда бир кыз, бир уулдун ата-энеси.