Биз социалдык тармакта

Тоң району: Кара-Талаа–Туура-Суу жолунда асфальт төшөлүүдө

Тоң районунун Кара-Талаа–Туура-Суу жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Жолдун жалпы узундугу 26 чакырымды түзөт. Учурдагы оңдоо иштери 6-чакырымдан 11-чакырымга чейинки аралыкты камтыйт. Азыркы тапта жумуштар ортолоп, 2,8 чакырым жол жасалды.
Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган иштер мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Талаа–Туура-Суу жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан