"Мекенимди, Кыргызстанымды жакшы көрөм". Ырчы Амирчик Ксения Собчакка интервью берди 

Кыргызстандык белгилүү ырчы Амирчик орусиялык белгилүү алып баруучу Ксения Собчакка интервью берди. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.

Интервью бир жарым сааттык болгон. Анда Амирчик Кыргызстанга келип, өз үйүн көрсөтүп, өлкөсү жөнүндө көптөгөн жылуу сөздөрдү айткан.

"Кыргызстанга келгенимде үйүмдө экенимди сезем. Мекенимдин, Кыргызстанымдын абасын өзгөчө жакшы көрөм. Мен Кыргызстанданмын, бул жерде менин жерим бар, элим жашайт. Өзүмдү мекенчилмин деп эсептейм. Кайсы өлкөдө жүрбөйүн Кыргызстандын туусун көтөрүп жүрөм, дүйнө жүзүнө мен ушул өлкөдөнмүн деп көрсөткүм келет. Кыргызстанды жакшы көрөм", - деген ал.

Мындан тышкары көптөгөн башка темаларда сүйлөшүшкөн. Комментарийлерде ырчыны баары мактап жазышууда.

Амирчик Кыргызстан жөнүндө
Амирчик Кыргызстандагы үйүндө
Амирчик Ксения Собчакка интервью берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан