Бишкектин Октябрь районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Баркалбас Байтиков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда калаа бийлигинен билдиришти.
Буга чейин аталган кызматты Асел Садыкова аркалап келген. Ал ушул жылдын сентябрь айында кызматтан алынган.
Ал эми Байтиков Бишкек шаарынын мэриясынын кадрдык резервинен дайындалды.