Биз социалдык тармакта

Бишкекте эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү (сүрөт)

Бишкек шаарында бүгүн, 20-октябрда Х “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү. Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, театр ишмерлери жана кызматкерлери катышты.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.
Министрлик билдиргендей, фестиваль 20-25-октябрь күндөрү төмөнкү төрт театрда саат 11:00дө жана 19:00дө өтөт.
  • Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры;
  • Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;
  • Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры.
Спектаклдер күнүнө эки жолу – саат 11:00дө жана 19:00дө көрсөтүлөт. Фестивалга кирүү акысыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан