Биз социалдык тармакта

Ошто Мангыт айылындагы мектеп капиталдык оңдоодон өтүп жатат (фото)

Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Оңдоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түзөт.
Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы бөлүктөрү ремонттолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт өчүрүү системдери жаңыдан коюлду.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулуп, ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2025-10-21 10:55:00
Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан