Францияда торнадо болуп, төрт адам жабыркады. Бул тууралууу чет элдик басылмалар жазышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза болгон. Торнадо борбордун түндүгүндөгү Валь-д'Уаз департаментинде катталган. Бир нече айыл зыян тарткан.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, шамал бак-дарактарды жулуп, имараттардын чатырларын учуруп кеткен.