Орусиянын Санкт-Петербург шаарында белгисиз эркек киши көчөдө аял менен урушуп кетип, ал аял менен анын эки баласынын бетине калемпир спрейин (баллончик) чачкан. Натыйжада алардын көздөрү жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя кечкисин батирдин алдында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жабыркаган 45 жаштагы аял менен анын 9 ,12 жаштагы кыздары ооруканага жаткырылган.
Шектүү изделүүдө. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.