Биз социалдык тармакта

Нарын: Ак-Талдагы бала бакчанын курулушу аяктап калды (фото)

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюдеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылды. Объекттин тендердик баасы 77 миллион сомду түзөт.
Бала бакча 90 орунга ылайыкталып заманбап эки кабаттан турат. Башкы план боюнча жалпы аянты 892 чарчы метр болгон имаратта уктоо, ойноо, тарбиялык саат өтүү бөлмөсү жана ашканасы бар. Мындан сырткары сырткы ойноо аянтчасы да каралып, курулуш стандартынын негизинде салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан