Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Конституциянын 71-беренесине, “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып, Тиллебаев Болотбек ээлеген кызмат ордунан бошотулду",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Тиллебаев аталган кызматка 2023-жылдын март айында дайындалган болчу.