Иса Ахунбаев атындагы КММАнын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, мурда Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тиешелүү болгон имараты бар жер тилкеси аныкталган. Ал 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен.
Мекемеден билдиришкендей, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.