Адылбек Тултемиров Кыргызстандын Эфиопиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилүү болгондой, буга чейин Тултемиров Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укук департаментинин директору болуп иштеген.