Биз социалдык тармакта

Министрлик опера театрындагы пилатес иш-чарасы боюнча түшүндүрмө берди

Маданият министрлиги Абдылас Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театрынын кичи Малахит залында өткөн пилатес иш-чарасы боюнча түшүндүрмө берди.
Себеби акыркы күндөрү социалдык тармактарда аталган театрда пилатес боюнча иш-чара өткөрүлгөнү талкуу жараткан.
"Аталган иш-чара театр тарабынан министрлик менен макулдашылбастан уюштурулган жана өлкө мыйзамдарына ылайык кылдат иликтөөгө алынат. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыктарынын негизинде театрдын жетекчилигине карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, Абдылас Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театры министрликтин карамагындагы өз алдынча мамлекеттик мекеме болуп саналат. Театр концерттик жана репетициялык залдарын уставына ылайык, белгиленген тартипте жана максаттуу пайдалануу менен гана ижарага берүүгө укуктуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан