Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыковго балдары 60 жылдык юбилейине карата автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу видеону кызы, ырчы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
"60 жаш юбилейине балдарынан күтүүсүз белек. Эми унаа жууганы баарыңыздарды юбилей концерттен күтөбүз", - деп жазды ырчы айым.
Белгилей кетсек, Кубик Калыков 1-2-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 60 жылдык юбилейине карата концерт берет.