АКШнын президенти Дональд Трамп дагы бир глобалдык жаңжалды жөнгө салууну көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Ишенесиңерби же ишенбейсиңерби, тогузунчу жаңжал чечилүү жолунда турат",- деген ал Ак үйдө республикачыл сенаторлор менен болгон жолугушуусунда.
Трамп президент катары экинчи мөөнөтүндө сегиз эл аралык кризисти чечкенине токтолгон. Бирок америкалык лидер чечилүү алдында деген тогузунчу жаңжал кайсы экенин тактаган эмес.