Нарын шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн 7,6 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө калган тилкеге асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып, жеринде кызматкерлер тынымсыз иш алып барууда.
Аны менен катар тротуар, бордюрларды куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотуу жумуштары жүрүүдө. Жол чийиндери да чийилип жатат.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.