Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө бир нече күн ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-октябрдан 28-октябрга чейин саат 09:00дөн 18:00ге чейин оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектинин боюндагы жылуулук тармактары өчүрүлөт.
Ысык суу төмөнкү даректерде жок болот:
Чүй проспекти, 111, 113, 115а.