Эквадордун түштүгүндөгү Эль-Оро провинциясында 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы маалымдады.
Кабарлангандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Эль-Оро провинциясына караштуу Аренильяс шаарчасынан 11,5 чакырым түштүк-чыгышта жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:05те 5,5 баллдык силкинүү катталган. Жер титирөө 73,6 чакырым тереңдикте болгон.
Каза болгондор жана зыян жөнүндө азырынча маалымат жок. Жер титирөө Эквадордун Гуаяс провинциясында жана Перу чек арасына жакын Лоха провинциясында да сезилди.