Биз социалдык тармакта

Ташиев Эмгек сиңирген артист Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин композитордун кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу Ташиевге жөнөтүлгөн. Анын натыйжасында обончунун оор турмуштук жагдайын жакшыртууга көмөк көрсөтүү иретинде Бишкектин кичи райондорунун биринен 2 бөлмөлүү батир берилди.
Маалымат үчүн: Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп келет. 8 баланын атасы жана анын төртөө бойго жете электер. 66 жаштагы композитор Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан