Биз социалдык тармакта

Баткен районунда жаңы мектеп курулууда 

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектеп 500 орунга ылайыкталып, үч блоктон турган имарат. Объекттин жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга бүткөрүлүп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 2004-жылы пайдаланууга берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан