Биз социалдык тармакта

Франциядагы Лувр музейи кайрадан эшигин ачты

Франциянын борбору Париждеги дүйнөгө белгилүү Лувр музейи үч күн мурда болгон уурулуктан кийин зыяратчыларга кайрадан эшигин ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Музей администрациясы билдиргендей, уурулуктун негизги бутагына айланган "Аполлон галереясы" кийинки билдирүүгө чейин жабык бойдон калат. Бул бөлүмдө Франциянын падышалык зер буюмдары сакталган. Уурулар болгону жети мүнөт ичинде баасы болжол менен 88 миллион евродон ашкан экспонаттарды алып кетишкен.

Франциянын эсеп палатасынын алдын ала корутундусунда Луврда коопсуздук системдерин жаңыртууда "үзгүлтүксүз жана олуттуу кечигүүлөр" болгондугу белгиленген. Дал ушул кемчиликтер уурулар үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан