Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы кыялдагы шаарды көрсөткөн видео жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы жасалма интеллект менен жасалган видео жарыялады.

Анда борбор калаанын таза, ыңгайлуу жана кооз болуусу жөн гана кыял болсо, эми ишке аша баштаганы айтылат. Бишкектин өнүгүшү үчүн башкы пландын зарылдыгы белгиленген.

Айта кетсек, учурда Бишкектин башкы планы иштелүүдө. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде башкы план ноябрь айында коомдук талкууга чыгарын билдирген. Ал башкы планда кандай бекисе, шаар ошого жараша өнүгөрүн белгилеген. Башкы планга адистер метронун ордуна трамвайды ишке киргизүүнү сунуш кылышканын да айткан.



Бишкек мэриясы кыялдагы шаарды көрсөткөн видео жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан