Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп Максатбек Орозалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Буга чейин Орозалиев мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Ош шаарынын мэриясы