
Ысык-Көл облусунун Саруу айылында мыйзамсыз балык уулаган 26 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 22-октябрда саат 00:30 чамасында Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматы жана Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында кармалган.
Аталган жаран Жууку суусунун түштүк тарабында 4 даана Ысык-Көл форель балыгын кармап жүргөн жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.