20 жаштагы футболчу Энтони Илэйно Бразилиянын Пиауи штатында жол кырсыгынан каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал 3 күн мурун, тагыраагы, 20-октябрда атасынын туулган күнүн белгилеп, үйүнө кайтып келе жатканда жол кырсыгына кабылган. Илэйно мотоцикл менен катуу ылдамдыкта бара жатып, уйду сузүп алган. Футболчу окуя болгон жерде каза тапкан.