АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Орусия президенти Владимир Путинге таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт жана аны менен Украинадагы жаңжалды талкуулоо ниетинде. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Менимче, ал Путинге таасир эте алат деп ойлойм. Ал кадыр-барктуу адам. Ал абдан чоң өлкөнүн абдан күчтүү лидери. Ооба, анын таасири көп болот деп ойлойм жана биз сөзсүз түрдө Орусия менен Украина тууралуу сүйлөшөбүз",- деген ал Ак үйдө журналисттерге.
Трамп менен Си Цзиньпин келерки аптада Түштүк Кореядагы саммитте жолугары күтүлүүдө.