Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Унаа" мекемесинин экзаменатору тарабынан зордуктоо боюнча факт иликтенүүдө

Бишкекте "Унаа" мекемесинин экзамен алган кызматкери тарабынан кыз зордукталганы боюнча маалымат тарады. Анда белгиленгендей, айтылган окуя быйылкы жаз айларында болгон. Бирок кыз коркуу себептеринен ошол учурда милицияга кайрылбай, эми гана анын анонимдүү каты социалдык тармактарга тараган.

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.

"Азыркы учурда аталган факт боюнча Инстаграмм баракчасына кайрылуу жасаган белгисиз кыздын жана "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкеринин өздүгүн аныктоо үчүн ишке тиешеси бар күбөлөрдү, видео байкоолорду аныктоо боюнча атайын тергөө тапшырма берилди. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө",- деп белгиленген маалыматта.

Райондук милиция кошумча маалымат бере тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2025-10-23 12:01:00
Кээ бир кыздар өз каалоосу менен жыныстык катнашка барып, кийин аны “зордуктоо” деп көрсөтүшөт. Бул — чоң күнөө жана чыныгы зордук-зомбулукка кабылган аялдарга көлөкө түшүрөт. Мындай жалган айыптоолор коомдо ишенимди кыйратат, Эгер эркек м-н аял өз каалосу менен жатып, бирок ушундай доомат менен кимдир бирөөнүн тагдырын бузса — бул да зомбулуктун башка түрү. Мыйзам жалган арыз бергендерге да катуу чара көрүшү керек. Адилеттик эки тарапка тең тийиштүү болушу зарыл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан