Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 22-октябрда БШКда өткөн жыйынында №5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Кубанычбек Нурматовдун мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арызы каралып, колдоо тапкан. Ал демилгесин билдирип, 21-октябрда БШКда катталган.
Айта кетсек, Кубанычбек Нурматов VI чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон.