Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Безымянный көчөсүнө асфальт төшөлүүдө (фото)

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Безымянный көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин (Аскер шаарчасынын аймагында) иштер жүрүп жатат.

Бригада жолдун үстүнкү катмарын төшөөнү аяктоодо. Тротуарлар мурда асфальтталган.

Мекемеден билдиришкендей, буга чейин бул жол тилкесинде асфальт төшөлгөн эмес. Иштер аяктагандан кийин бул жерде жаңы жол, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык систем пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан