Биз социалдык тармакта

Apple 2027-жылы iPhone 19 эмес дароо iPhone 20 чыгарат

Apple компаниясы алдыдагы эки жылга арналган смартфон чыгаруу стратегиясын өзгөрттү. Жаңы план боюнча, 2026–2027-жылдар аралыгында жалпы 12 жаңы iPhone модели жарык көрөт. Бирок компания iPhone 19 сериясын чыгарбайт. Бул тууралуу Experience More жазды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында Apple бир гана iPhone 17e моделин чыгарып, күзүндө iPhone 18 Pro, iPhone 18 Pro Max, iPhone Air 2 жана бүктөлүүчү iPhone Fold моделдерин сунуштайт. Ал эми 2027-жылы компания iPhone 18e, андан кийин түз эле iPhone 20 сериясына өтүп, iPhone 20 Pro, 20 Pro Max, Air 3 жана Fold 2 моделдерин чыгарат.

Чет элдик басылмалар мунун себебин 2027-жылы Apple'дын 20 жылдыгын белгилөөсү менен байланыштырууда.

Эске салсак, 2017-жылы Apple 10 жылдыгын белгилегенде да ушундай ыкма колдонуп, iPhone 9 чыгарбай, анын ордуна iPhone 8 жана iPhone X’ти тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан