Жаратман манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара 8-22-октябрь күндөрү кыргыз улуттук “Манас” театрында өткөрүлдү.
Мекемеден белгилешкендей, аталган сынак президенттин "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө", ошондой эле "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.
Жалпы байге фонду 7 миллион сомду түздү. Сыйлыктар 2-ноябрда, Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнүндө тапшырылат.