Биз социалдык тармакта

Лувр музейин тоногондордун качуу учуру камерага түшүп калган

Франциянын Париж шаарындагы Лувр музейин тоногондордун качып бара жатканы көзөмөлдөө камерасына түшүп калды. Социалдык тармактарда тараган видеодо уурулар жүк лифтинен түшүп, мотоцикл менен качып кетишкени көрүнөт.

Төрт адам катышкан уурулук болгону жети мүнөткө созулду. Алар музейдин терезесин сындырып кирип, Аполлон галереясынан падышалык зер буюмдарды алып чыгышкан. Качуу учурунда император Наполеон III'нүн жубайы Эжениге таандык таажы түшүп калып, жабыркаган абалда табылган.

Париж прокуратурасы окуя боюнча иликтөө башталганын, уурдалган буюмдар азырынча табыла электигин билдирди. Лувр музейинин директору Лоренс де Карс окуяны "чоң кемчилик" деп атап, жоопкерчиликти өзүнө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан