Биз социалдык тармакта

Индияда президенттин тик учагы жаңы төшөлгөн асфальтка тыгылып калды (видео)

Индиянын президенти Драупади Мурму түшкөн тик учак Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында конуп жаткан учурда жаңы төшөлгөн асфальтка тыгылып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, учурда атайын кызматтар бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат.

Тик учактын шассиси президент келердин бир нече саат мурун төшөлгөн асфальтка кирип кеткен. Президент өзү жабыркаган эмес, андан ары сапарын автоунаа менен уланткан.

Тик учактын шассисин асфальттан чыгарып алуу үчүн куткаруу кызматтары келген. Кызыгы, тик учакты кызматкерлер кол менен түртүп чыгарышкан.

Индиянын президентинин тик учагы жаңы төшөлгөн асфальтка тыгылып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан