Биз социалдык тармакта

Ташиев Нарын шаарында төрөт үйүнүн жаңы имаратын курууга старт берди (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Нарын шаарында төрөт үйүнүн жаңы имаратын курууга старт берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын базасында 100 орундуу төрөт үйү жер төлөсү менен 4 кабаттуу болуп курулуп, жаңы медицина аппараттары менен жабдылат.
УКМК төрагасы Ташиев дарыгерлер менен жолугушуп, мамлекет ар бир медицина кызматкерин үйлүү кылып, айлыгын көтөрүү боюнча керектүү аракеттерди көрүп жатканын айтты. Ташиевдин айтымында, бул үчүн ипотекалык үйлөр салынат.
"Силердин жумуш олутуу, биз аны билебиз, барктайбыз",- деди Камчыбек Ташиев дарыгерлер менен жолугушуусунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан