
Курулуш министри
Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Туңгуч кичи районунда жайгашкан парктагы жаңы төшөлгөн асфальт-бетондун сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармак аркылуу тургундар тарабынан видеокайрылуу келип түшкөн. Анда тургундар парктын аймагындагы бир ай мурда төшөлгөн асфальтта жаракалар пайда болгондугу тууралуу айтышкан.
Текшерүү учурунда адистер төшөлгөн асфальттын абалын карап чыгып, лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алды. Анын жыйынтыгы боюнча асфальт-бетондун физикалык жана механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, аткарылган иштердин белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча корутунду даярдалат.
Бардык жыйынтыктар чыккандан кийин көйгөйлүү тилке боюнча мындан аркы аракеттерди аныктоо тууралуу чечим кабыл алынат.