
Башкы прокуратура “Т.” эл аралык сатып алууларды жүргүзүү интернет-платформасы өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөндүгүн аныктады.
Мекемеден билдиргендей, компанияга тийиштүү чаралар көрүлүп, өлкөдө салыктык каттоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 миллион 885 миң доллар өлчөмүндө салык төлөмдөрүн төктү.