Биз социалдык тармакта

Рэп аткаруучу Фриман Германиядагы мекендештерге концерт койду

Германиянын Майндагы Франкфурт шаарында белгилүү рэп-аткаруучусу Фримандын (Freeman 996) концерти болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кабарлады.
Маалым болгондой, 18-октябрда өткөн концертке Германиянын ар кайсы шаарларынан келген 400дөн ашуун мекендештер катышты.
"Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү сөз сүйлөп, чет өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан кыргызстандыктардын маданий долбоорлорунун маанисин белгилеп өттү. Ошондой эле кыргыз тилинде уюштурулган концерттер жаштар арасында кыргыз тилинин популярдуулугун арттырууга чоң салым кошорун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан