Бүгүн, 24-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында алгач Айтиев жана Осмонов, Көкүм-Бий көчөлөрүнүн үстүнөн курулуучу эстакадалык көпүрөнүн долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Андан ары Көкүм-Бий көчөсүндөгү 280 балага ылайыкташкан №18 бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыгып, курулуш иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Ош унаа базарынын бир бөлүгү (Корея унаа базары) оңдоп-түзөөдөн өтүп, эртең толук ачылып, пайдаланууга берилет. Бүтүрүлгөн жумуштун сапатын калаа башчы жеринен көрүп чыкты.