Биз социалдык тармакта

Трамп АКШга баңгизат алып келгендерге эми көз жумулбай турганын айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ, 23-октябрда Ак үйдө маалымат жыйын өткөрүп, бир катар билдирүүлөрдү жасады. Маалымат жыйындагы Трамптын билдирүүлөрүн чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Трамп Колумбиядагы баңгизат өндүрүшүнө эми АКШ көз жумбасын белгилеп, ал өлкөнү баңгизатты эсепсиз өндүрүүдө деп айыптаган.

"Колумбия - баңгизаттын уясы... Алар баңгизатты болуп көрбөгөндөй көп көлөмдө чыгарып, сатып жатышат. Биз мындан ары ал нерсеге көз жума албайбыз",- деген Трамп.

Ошондой эле америкалык лидер Колумбиянын президенти Густаво Петрону сөгүп, аны "шылуун, каракчы" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан