Орусиянын Омск полициясы социалдык тармактарда аялдын кийимин кийип, кызыл түстүү жасалма чач менен жүргөн эркек кишини издөөдө. Анын башка адамдын батирине кирүүгө аракет кылып жаткан сүрөтү тараган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал лифттен чыгып, бирөөнүн батирине кирүүгө аракет кылган. Шектүүнүн бычак көтөрүп жүргөнүн кошунасы көргөн.
Бул окуя боюнча милиция тергөө иштерин баштады.