Кытайдагы Noetix Robotics компаниясы болжол менен 1400 долларга бааланган Bumi роботун көрсөттү.
South China Morning Post басылмасы бул баа роботторду компаниялар үчүн гана эмес, жеке адамдар үчүн да жеткиликтүү кыла алат деп жазды. Bumi жөнөкөй тапшырмаларды аткарып, үй жумуштарына же окуу иштерине жардам бере алат.
Видеодо анын бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Сиз мындай роботту жардамчы катары алат белеңиз?