Талас облусуна караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Карыпкулов атындагы 3 кабаттуу эски мектеп толук каптиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып 2025-жылы башталган. Азыркы тапта курулуш иштери 75 пайызга бүтүп калды. Аткарылган иштерТурак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек, мектеп 1986-жылы пайдаланууга берилген, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Учурда анда 600гө жакын бала билим алат.