17-24-октябрь күндөрү Балыкчынын жана Ысык-Көл туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясынан чыгарылган жалпы узундугу 9 800 метрди түзгөн эски балык уулоочу торлор жүктөлүп, белгиленген тартипте жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты - көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин жоюу жана туристтик зонадагы коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.